Биз менен байланышыңыз

Франция пандемиядан кийин экономиканы калыбына келтирүү планын түздү

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Сен 2020 | 653 | 0

Франциянын премьер-министри Жан Кастекс өлкөнү коронавирустук кризистен кантип алып чыгууну пландап жаткандыгы жөнүндө айтып берди.

«Евроньюстун» маалыматына ылайык, жакынкы эки жылда Париж улуттук экономиканы калыбына келтирүү үчүн 100 миллиард евро сарптайт. Анын ичинен 35 миллиарды француз ишканаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, анын ичинде өндүрүшкө салыкты кыскартууга, дагы 30 миллиарды социалдык биримдикти камсыз кылуу боюнча узак мөөнөттүү чараларды көрүүгө жумшалат.

Өкмөт, ошондой эле жумушсуздукка, айрыкча жаштар арасындагы жумушсуздукка көңүл бөлүп, 2021-жылы кеминде 160 миң жаңы жумуш орундарын түзүүгө ниеттенүүдө.

Франциянын ИДПсы 2020-жылы 11 пайызга төмөндөйт деп болжолдонууда.

Ал эми Германия экономиканы жандандыруу планын июнь айында эле сунуш кылган. Жалпы көлөмү 130 миллиард еврону түзгөн антикризистик программанын чордонунда керектөөчүлөрдүн суроо-талабына түрткү болуу болгон. Тактап айтканда, кошумча нарк салыгын азайтуу. Мындан тышкары, ар бир балага 300 евро берилет.

Автомобиль өнөр жайы дагы колдоого ээ болот. Германиянын өкмөтү электромобилдерди жана гибриддик моделдерди сатып алууга дотацияларды көбөйттү.

Буга чейин Евробиримдиктин лидерлери жалпы кризиске каршы 750 миллиард евролук фонд түзүүнү макулдашкан. Анын ичинен 390 миллиардды грант түрүндө, 360 миллиардды насыя түрүндө алышат.

Copyright © 2017 Maral FM