Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда вирус жуктургандардын саны 42 903 адамга жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Сен 2020 | 87 | 0

Бүгүн, 4-сентябрда саат 10: 00гө карата Өзбекстанда коронавирус жуктуруп катталгандардын саны 42 миң 903кө (+106) жетти. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Ташкенде 70, Ташкент облусунда 16, Наманган облусунда 10, Самарканд облусунда 7, Кашкадарыя облусунда 3 жаңы учур катталды.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде коронавирус менен ооруган 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө коронавирусту жуктуруп алган 40 миң 176 адам (93%) айыгып кетти. Ошол эле учурда 2391 бейтап учурда дарылануудан өтүп жатат, анын 351инин абалы оор, 181инин абалы  өзгөчө оор.

Copyright © 2017 Maral FM