Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңештин жыйыны 3-сентябрда уланат

Кыска кабар | 1 Сен 2020 | 591 | 0

Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясынын расмий ачылышы өтүп, анда эл өкүлдөрү коронавирустан каза болгон кесиптеши маркум Чыныбай Турсунбековдун элесине бир мүнөт аза күтүштү.

Андан соң төрага Дастан Жумабеков депутаттар бүгүн -эртең комитеттерде маселелерди карап, 3-сентябрда жыйынга чогулушарын билдирди.

КР Конституциясынын 77-беренесине жана Жогорку Кеңештин Регламентинин 34-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн башталат. Жана кийинки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин уланмакчы.

Депутаттар 30-июнда каникулга чыгышкан.

Copyright © 2017 Maral FM