Биз менен байланышыңыз

Бишкекте акыркы күндүзгү стационар жабылды

Кыска кабар | 28 Авг 2020 | 418 | 0

Бишкек шаарындагы акыркы күндүзгү стационар жабылды. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, шаарда эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда, бирок бейтаптар илдеттен айыгууда. «Спорт ордосунда ачылган күндүзгү стационар эртеңден тарта жабылат. Медициналык жабдуулар, орундуктар жана башка инвентарлар толугу менен дезинфекцияланды», — деп айтылат мэриянын маалыматында.

Шаардагы күндүзгү жана түнкү стационарлар ачылгандан тарта 106 миң 222 адамга медициналык жардам көрсөтүшкөн. Дарыгерлер, медайымдар, санитарлар, ординаторлор жана ыктыярчылар болуп жалпысынан 250 адам иштеген.

«Ар бир бейтаптын саламаттыгы үчүн күрөштө медицина кызматкерлерине колдоо көрсөткөн элге ыраазычылык билдиребиз. Колдооңуздар үчүн терең таазим», — деп айтылат билдирүүдө.

Мэриянын билдирүүсүнө караганда, учурда күз-кыш мезгилине толук даярдык иштери жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM