Биз менен байланышыңыз

Баткенде күндүзгү стационар үчүн 1000 орун даярдалууда

Кыска кабар | 7 Июл 2020 | 956 | 0

Баткен облусунун ар бир район шаарында 200дөн орун болот. Учурда Кызыл-Кыя шаары жана Лейлек райондорунда орундуктар даяр болду. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.

Ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахмановдун тапшырмасына ылайык, 8-июлга облустун бардык аймактарында 200дөн орундар толугу менен даяр болот.

Бул жайлар эгерде пневмания оорусу менен ооруган жарандарга ооруканаларда орундуктар жетпей калса, медициналык жардам көрсөтүү максатында пайдаланылат.

Учурда облустун аймагында обсервация үчүн 1790 орун даярдалган. Ал эми ооруканаларда изоляция үчүн 435 орунга мүмкүнчүлүктөр бар.

Copyright © 2017 Maral FM