Биз менен байланышыңыз

Күндүзгү стационарлар 8 миңден ашык жаран кабыл алды

Кыска кабар | 9 Июл 2020 | 639 | 0

Кечээ Бишкекте уюштурулган күндүзгү стационарлар 8 086 бейтапты кабыл алды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын 6 673ү асма укол жана ийне сайдырып кетсе, 1 349 бейтапка консультация берилген. Ошондой эле 57 адам ооруканага жаткырылган.

Мындан сырткары, кечээ Свердлов районунун стационарларында үч киши каза болуп, жалпы стационарларда каза болгондордун саны жети кишиге жетти.

Борбор калаадагы тогуз борбордо 57 дарыгер, 83 медайым, 17 санитар, ординатор менен ыктыярчылар иштеп жатат. Жеке тараптардын колдоосу менен стационарларга 36 кычкылтек концентратору орнотулган.

Муниципалитет күндүзгү стационарлар саат 8.00дөн 20.00гө чейин иштей турганын эскертип, оорунун жеңил жана орточо түрүнө чалдыккандарды кабыл алып жатканын белгилейт.

Copyright © 2017 Maral FM