Биз менен байланышыңыз

Бишкекте тогуз күндүзгү стационар иштеп жатат (дареги)

Кыска кабар | 8 Июл 2020 | 666 | 0

Бишкек шаарында 9 күндүзгү стационар иштеп жатат. Бул тууралуу мэр Азиз Суракматов өкмөт үйүндөгү онлайн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, күндүзгү стационарларга саат 8:00дөн баштап 20:00гө чейин кайрылууга болот. Ал жерде дарыгерлер жана дары-дармек сатып алуу үчүн дарыканалар бар. Медайымдар бейтаптарга тамчылатма (капельница) дары коюп же ийне сайып беришет.

Стационарлардын дареги:

Ленин районунда:

— «Газпром» спорт комплексинде 120 орун (Токонбаев менен Чортеков көчөлөрүнүн кесилишинде);

— №68 гимназия-мектебинде 30 орун (Токтогул менен Үмөталиевдин кесилишинде);

— «Арал» кафесинде 50 орун (Дэн Сяопин көчөсү, 199).

Свердлов районунда:

— Раатбек Санатбаев атындагы дене тарбия жана ден-соолукту чыңдоо комплексинде 150 орун (Чыгыш-5 кичи районунда);

— №94 орто мектепте 50 орун («Дордой» конушунда).

Октябрь районунда:

— «Бишкек наабайкана» муниципалдык ишканасында 200 орун (12-кичи райондо);

— «Сейтек» мектебинде 50 орун (Анкара көчөсү, 1/10 «Ала-Тоо» университети).

Биринчи май районунда:

— №83 орто мектепте, «Кудайберген» базарынын жанында 50 орун (Патрис Лумумба көчөсү, 9)

— К.Кожомкул атындагы спорт сарайда 150 орун.

Copyright © 2017 Maral FM