Биз менен байланышыңыз

«Бүтүн Кыргызстандын» дагы 2 талапкери шайлоого катышуудан баш тартты

Кыска кабар | 24 Авг 2020 | 658 | 0

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын дагы 2 талапкери Абдыманап Кутушев менен Мурадыл Мадеминов шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Кутушев өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды. Ал мындай чечимге олуттуу пикир келишпестиктер себеп болгонун айткан.

Ар дайым дилибиз таза, ниетибиз ак болуп келген. Мындан аркы ишмердигибизде да өлкөбүздө адилеттүү коом курууга, эл чарбасынын деңгээлин көтөрүүгө аракетибизди уланта бермекчибиз,-деп жазган.

Эскерте кетсек, буга чейин «Ак шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев да аталган партиядан чыкканын, шайлоого катышпай турганын жарыя кылган.

Copyright © 2017 Maral FM