Биз менен байланышыңыз

Ливанда өзгөчө абал режими дагы бир айга узартылды

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Авг 2020 | 598 | 0

Ливан өлкөсүндөгү өзгөчө абал режими дагы бир айга узартылды. Бул Бейрут шаарындагы порттогу ири жарылууга байланыштуу.

Порттогу жарылуу 4-августта болуп, ошол күнү эле өзгөчө абал режими 2 жумага узарган болчу. Ал эми бул жарылууга байланыштуу эл аралык иликтөө жүргүзүү сунушуна Ливандын бийлиги макул болбогону маалымдалып жатат.

4-август күнү кечинде Ливандын борбору Бейрут шаарындагы портто 2 750 тонна аммиак селитрасы жарылып, 15 миллиард доллардан ашык зыян келтирилген.

Акыркы эсеп боюнча окуянын кесепетинен 177 адамдын өмүрү кыйылып, 6 миңдей адам жаракат алды.

 

Copyright © 2017 Maral FM