Биз менен байланышыңыз

Бейруттагы кампадан чыккан ири өрт өчүрүлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Сен 2020 | 388 | 0

10-сентябрда Ливандын борбор шаары Бейруттун портунда чыккан ири өрт кечке жакын өчүрүлдү.

Порттогу күйүүчү-майлоочу материалдар жана автоунаа дөңгөлөктөрү сакталган кампада чыккан өрттү өчүрүүгө аскердик тик учактар да тартылды.

Өлкө президенти Мишель Аун Бейрут портундагы жарылууга тышкы күчтөрдүн тиешеси болушу мүмкүн экенин билдирди. «Бүгүнкү өрт атайын жасалган саботаж актысы же техникалык катадан улам чыккан болушу мүмкүн», — деди ал.

4-августта Ливандын борбору Бейрут шаарындагы деңиз портунда катуу жарылуу болгон. Анда алты жыл мурда Ливандын бийлиги кемеден конфискациялап алган 2750 тонна аммиак селитрасы жарылып кеткени ачыкка чыккан. Кырсыктан 154 киши каза болуп, беш миңден ашык тургун жабыркаган. Бул окуядан кийин бийликке карата нааразычылыгын билдирип, көчөгө чыккандар көбөйгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM