Биз менен байланышыңыз

Ливандын президенти Бейруттагы жарылуунун чыгымын 15 млрд долларга баалады

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Авг 2020 | 738 | 0

4-август күнү кечинде Ливандын борбору Бейрут шаарындагы портто 2 750 тонна аммиак селитрасы жарылып, 15 миллиард доллардан ашык зыян келтирилген. Мындай баа Ливандын президенти Мишель Аун тарабынан берилгендигин  13-август күнү Daily Star гезити жазды.

Ливандын мамлекет башчысы Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас менен жолугушууда, кырсыкка байланыштуу зарыл реформаларды жүргүзүү, коррупция менен күрөшүү, ошондой эле кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатканын билдирди.

Европа биримдиги буга чейин Бейрутка 17 тоннадан ашык гуманитардык жардам жөнөткөн. Дары-дармектер, медициналык шаймандар жана башка буюмдар 13-августта эртең менен Ливандын борборуна келип түштү. Ошол эле учурда, жөнөтүлүп жаткан жардам коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүгө да багытталган.

Эл аралык коомчулук өлкөгө 250 миллион евро, анын ичинде Германиядан 20 млн евро жардам берүүгө даяр экендигин билдирди. Ошол эле учурда Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас 12-августта Ливанга жасаган иш сапарынын алдында экономикалык реформалар жасалып, инвестиция салуу үчүн шарт болушу керек экендигин баса белгиледи.

Бейрут портунун кампаларынын бириндеги жарылуудан кеминде 171 адам каза болуп, 6 миңге жакын адам жаракат алган.

Copyright © 2017 Maral FM