Биз менен байланышыңыз

Франция президенти Макрон Бейруттагы жарылуу болгон жерге барды

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Авг 2020 | 760 | 0

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Ливандын Бейрут шаарындагы жарылуу болгон жерге барды. Бул тууралуу француз телеканалы билдирди.

Ал кырсык болгон жерде иштеп жаткан Франциядан келген куткаруучулар менен жолугушту. Президент менен маек кылган куткаруучулар канча керектелсе, ошончо убакыт Бейрутта калууга даяр экендигин билдиришти.

Макрон Ливанга эл аралык деңгээлде жардам берүү керектигин белгиледи.

Андан сырткары, француз президенти ливан бийлигине жарылууга чейинки абалы да жакшы болбогонун айтты:

«Бул жарылуусуз деле Ливанда кризис бар болчу — саясий пландагы кризистен сырткары, моралдык, экономикалык жана каржылай абал да оор бойдон эле»,- деген Макрон өлкөгө олуттуу реформа керектелерин кошумчалады.

Белгилей кетсек, 6-августка караган түнү Париждеги Эйфель мунарасынын чырактары Бейрут шаарындагы жарылуудан каза болгондорду эскерүү үчүн өчүрүлдү. 


Бейрут: курман болгондордун саны өсүүдө, порт жетекчилери үй камагына алынды


Ливандын бийлиги өрт чыгып, 6 жыл бою кампада кармалып турган 3 миң тоннадай аммиактык жер семирткичти жардырганын билдирди.

4-августта Бейрут портунда болгон жарылуудан каза тапкандардын саны 135ке жетти, 5 миңдей адам жаракат алып, дагы бир тобу дайынсыз жоголууда. Урандыларды тазалап, куткаруу-издөө иштери уланып жаткандыктан курмандыктардын жана жараат алгандардын саны көбөйүшү мүмкүн.

Бейруттагы ири жарылуудан улам шаардын жарымынан көбү кыйроого учурады. Жарылуудан жаралган чыгым эң аз дегенде 3 млрд доллар же андан да көп болушу мүмкүн. Маалымат булактары белгилегендей, 300 миң шаар тургуну турак-жайсыз калган.

Copyright © 2017 Maral FM