Биз менен байланышыңыз

Ливанда нааразычылык акциясынан кийин эки министр кызматтан кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Авг 2020 | 804 | 0

Ливандын борбору Бейрут шаарында болгон ири жарылууудан кийин өкмөткө болгон кысым күчөдү. Жекшемби күнү, 9-августта болгон өкмөткө каршы ири нааразычылык акциясынан кийин Ливандын өкмөтүнүн эки мүчөсү кызматтан кетти. Алар: маалымат министри Манал Абдел Самад жана айлана-чөйрө жана административдик өнүгүү министри Дамианос Каттар.

Буга чейин Ливандын премьер-министри Хасан Диаб 10-августта өкмөткө мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү сунуштай тургандыгын билдирген.

Өз кезегинде Ливан парламентинин төрагасы Набих Берри 13-августта чукул жыйын өткөрөрүн, анда өкмөт өлкөнүн борборунда орун алган жарылуу жөнүндө отчет бере турганын билдирген.

9-августта Ливандагы парламент имаратынын алдына чогулган демонстранттар полицияга таш ыргытышты. Буга жооп катары алар көздөн жаш агызуучу газ колдонушту. Бейрутта 8-августта болгон нааразычылык акциясында демонстранттар полиция кызматкерлери менен кагылышкан. Ливандын Кызыл чырым уюмунун билдиришинче, полиция менен кагылышуудан 238 адам жаракат алып, алардын 63ү ооруканага жаткырылган.

Ливандагы көпчүлүк жарандар 4-августта 150дөн ашуун адамдын өмүрүн алган Бейрут портундагы жардырууга өкмөттү күнөөлөп келет. Аталган жарылуунын натыйжасында 6 миңден ашуун адам жаракат алышкан.

Copyright © 2017 Maral FM