Биз менен байланышыңыз

Түштүк Кореядагы химиялык заводдо жарылуу болду

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Дек 2021 | 497 | 0

Түштүк Кореянын Чолла-Намдо провинциясындагы химиялык завод жарылып, эки адам каза тапты. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар кызматы билдиргенин «Yonhap» агенттиги жазды.

Агенттиктин маалыматына караганда, жарылуу Йосу шаарындагы химиялык заводдун кампасында болгон.

Кырсык болгон маалда заводдо жети адам иштеп жаткан.  Алардын бири дайынсыз болууда.

Өзгөчө кырдаалдар кызматы заводдон чыккан өрт 10 км алыстыктан көрүнүп турганын айтышкан.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери иликтенип жатканы кабарланды.

Copyright © 2017 Maral FM