Биз менен байланышыңыз

Новосибирсктеги жарылуудан үч кыргызстандык ар кандай жаракат алган

Кыска кабар | 15 Июн 2021 | 667 | 0

14-июнда Новосибирск шаарындагы май куючу жайдан чыккан өрттөн жарылуу болуп, анын кесепетинен 30дан ашуун адам жабыркаган, арасында кыргызстандык 3 жаран бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жарылуу жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00дө Новосибирск шаарынын Октябрь районундагы Гусинобродское шоссесинде жайгашкан май куюучу жайда болгон.

Окуя болгон жерге Кыргызстандын башкы консулдугунун кызматкерлери барып, кырсыктан Кыргызстандын 3 жараны ар кандай деңгээлде күйүк алганын билишкен.

Башкы консулдуктун кызматкерлери ооруканага түшкөн 1968-жылы туулган Ош облусунун Кара-Суу шаарынын тургуну У.О.менен жолугуп, ал-акыбалынан кабар алышкан. Анын денесинин 20% га жакыны күйгөн. Дарыгердин билдирүүсүнө ылайык, жаракат алган жаран У.О.нун абалы туруктуу, өмүрүнө коркунуч жок, керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Экинчи жаран, 2001-жылы туулган Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну А. уулу Н. жеңил күйүк (5% га жакын) алган жана керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө чыгарылган.

Жабыркаган үчүнчү жаран Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургуну 1988-жылы туулган А.Б. жеңил күйүк (болжол менен 7%) алган.

Ошондой эле жарылуудан кыргызстандык жаран ижарага алып иштетип жүргөн кафе жана дөңгөлөк алмаштыруучу жай өрттөнүп кеткен. Бул жарандар тез арада эвакуацияланганга жетишкен.

Өрт болгон жерде Башкы консулдуктун кызматкерлери алар менен жолугушуу өткөрүп, паспорту өрттөлгөн бир жарандын өздүгүн аныктоочу документин кыска убакыт ичинде калыбына келтирүү үчүн тиешелүү иш-аракеттерди көрмөкчү.

Азыркы учурда Башкы консулдук Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Новосибирск облусундагы башкы башкармалыгынын ыкчам штабы, саламаттыкты сактоо жана полиция органдары менен тыгыз байланышып, башка жабыркаган жарандарды тактоо боюнча иш алып барууда.

Copyright © 2017 Maral FM