Биз менен байланышыңыз

Бейрут: курман болгондордун саны өсүүдө, порт жетекчилери үй камагына алынды

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Авг 2020 | 715 | 0

Ливандын борбору Бейруттагы кырсыкка байланыштуу порттун жетекчилеринин баары жарылуунун күнөөкөрү табылганга чейин үй камагына алынды. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат каражаттары жазууда.

4-августта Бейрут портунда болгон жарылуудан каза тапкандардын саны 135ке жетти, 5 миңдей адам жаракат алып, дагы бир тобу дайынсыз жоголууда. Урандыларды тазалап, куткаруу-издөө иштери уланып жаткандыктан курмандыктардын жана жараат алгандардын саны көбөйүшү мүмкүн.

Ливандын президенти Мишель Аун өрт 6 жыл бою кампада кармалып турган 3 миң тоннадай аммиактык жер семирткичти жардырганын билдирди. Бейрут портунда жарылган аммиак селитрасынын ири партиясы орусиялык ишкер Игорь Гречушкинге таандык кемеден 2014-жылы бажы кызматы тарабынан конфискацияланып алынган. Аун жарылууга себеп болгондор жана күнөөлүү адамдардын бардыгы катаал жазага тартыларын убада кылды. Ошондой эле премьер-министр Хасан Дияб химиялык жер семирткичти сактоодо коопсуздук чаралары камсыздалбаганын айтып, жооптуу кишилер жазага тартыларын эскертти. Премьер-министр Дияб 2014-жылдан бери портто кармалган  кооптуу кампа тууралуу фактыларды ачыкка чыгара тургандарын айтты.


Бейрутта аза күтүү жарыяланды (фото, видео)


Ливандын Бейрут портундагы жарылуудан улам Жогорку Коргоо Кеңеши борбор шаары Бейрутту «кырсык зонасы» деп жарыялады. Ошондой эле борбордо 2 жумага өзгөчө кырдаал жарыялады. Жарылуу боюнча тергөө комиссиясы түзүлүп, ал комиссия 5 күндүн ичинде отчет даярдай турганы айтылды.

Аскерлер Бейрутта коопсуздукту камсыз кылууга милдеттендирилип, ички коопсуздук күчтөрүн, бажы, порт жана аэропорттогу куралдуу күчтөрдү, куралдуу коргоо бөлүктөрүн жана өрт өчүргүчтөрдү армиянын көзөмөлүнө өткөрүп берүү чечимин кабыл алышты.

Ливандын Бажы башкы башкаруучусу Захир порттогу жарылуучу заттын коркунучтуулугу үчүн сот органдарына 6 жолу кайрылгандарын айтты.

Жардыргыч заттарды алып салууну талап кылып, бирок эч кандай жооп ала албаганын айткан Захир жарылуунун себеби боюнча эксперттердин отчетун күтүп жатышканын айтты.

Бейруттагы ири жарылуудан улам шаардын жарымынан көбү кыйроого учурады. Жарылуудан жаралган чыгым эң аз дегенде 3 млрд доллар же андан да көп болушу мүмкүн. Маалымат булактары белгилегендей, 300 миң шаар тургуну турак-жайсыз калган.

Copyright © 2017 Maral FM