Биз менен байланышыңыз

Орусияда бир суткада 4748 адам коронавирус менен катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Авг 2020 | 515 | 0

Орусияда акыркы сутканын ичинде 4 748 адам коронавирус менен катталды. Бул тууралуу өлкөнүн ыкчам штабы маалымдады.

18-августка карата бир суткада 132 адам каза болду.

Орусияда бул илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 932 миң 493 адамга жетти. Анын ичинен 15 872 бейтап көз жумса, 742 миң 628 киши айыкты.

Пандемия башталгандан бери 32,9 млн (акыркы суткада 184 миң) лабораториялык изилдөө жүргүзүлгөн. Учурда 225 миң 759 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM