Биз менен байланышыңыз

«Манас» аба майданында бомба табылган жок

Кыска кабар | 16 мая 2024 | 338 | 0

«Манас» эл аралык аэропортуна бомба коюлду деген маалымат саат 9:00дө түшкөн. Мындан улам аба майдандын аэровокзалы эвакуацияланып, текшерүү жүргүзүлдү.

Аэропорттун маалымат кызматы кабарлагандай, эч кандай бомба табылган жок.

«Күч кызматкерлери так иштеп, кыска убакыттын ичинде аякташты, эч нерсе табылган жок. Каттамдар да кармалбай, аба майданы штаттык режимде иштөөдө», — деди басма сөз катчы Алена Хоменко.

Copyright © 2017 Maral FM