Connect with us

Депутат: Кыргызстандын эмгек рыногунда Пакистан менен Бангладештен келгендер көбөйдү

Кыска кабар | 16 Май 2024 | 372 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Депутат Тазабек Икрамов парламенттин 16-майдагы жыйынында Кыргызстанга келген Пакистан жана Бангладеш жарандарына иштөөгө уруксат берилеби деген суроону көтөрдү.

Ал бул өлкөлөрдөн келип иштеп жаткандар көбөйгөнүн айтып, алардан бюджетке канча салык түшөрү, жалпы канча эмгек мигранты келгенин тактоону тиешелүү органдардан сурады.

Депутат мындан тышкары, Пакистан жана Бангладештен келген жарандардын катышуусунда жол кырсыктары көбөйгөнүн айтып, айдоочулук күбөлүктөрүн тактоону өтүндү.

«Аларга айдоочулук күбөлүк кантип берилген? Окуудан өтүшкөнбү? Өзүңүздөр билгендей, бул өлкөлөрдө светофорлор жок. Маселени көзөмөлгө алып, авто башкаруу сынагын кайрадан тапшырууга милдеттендиришибиз керек «, — деди депутат.

Вице-спикер бул маселе боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга протоколдук тапшырма берилерин айтты.

Asian Lite басылмасынын маалыматына караганда, саясий туруксуздук, инфляция жана диний экстремизмдин күчөшү пакистандыктарды өз өлкөсүнөн сүрүп чыгарган негизги факторлор болууда.

2023-жылы Пакистандан 860 миңге жакын жогорку квалификациялуу адистер кеткен, бул бир жыл мурдагыга караганда 60 миңге көп. Ал эми 2015-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч экени айтылат.

Пакистанда жумушсуздук чоң көйгөй. Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) жумушсуздуктун деңгээлин 2023 -жылы 8,5 пайыз деп баалаган.

Copyright © 2017 Maral FM