Connect with us

Кыргызстанда ак ниет ишкерлердин реестри түзүлөт. Артыкчылыктары

Кыска кабар | 16 Май 2024 | 287 | 0

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстандын ак ниет ишкерлеринин реестрин түзөт. Мекеменин маалыматына караганда, бул кадам президенттин «Кыргызстандын ишкерлеринин макамын жана беделин жогорулатуу жөнүндө» жарлыгына ылайык ишке ашырылат.

Реестрди жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп экономика министрлиги аныкталды. Ал эми реестрге киргизүү үчүн ишкердик субъекттерди тандоо министрлик түзгөн ведомстволор аралык комиссия тарабынан жүргүзүлөт.

Буга байланыштуу министрлик ишкерлерди реестрге катталууга активдүү катышууга чакырат.

Ак ниет ишкерлердин реестрине киргендерге бир катар артыкчылыктар берилет. Мисалы, мамлекеттик телеканалдардан медиа жарнама үчүн акысыз эфирдик убакыт алат, салык жана бажы кызматтарын кезексиз ала алат, Кыргызстандагы эл аралык көргөзмө, жарманке, форумдарга акысыз катыша алат, салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү кошпогондо, ак ниет ишкерлеринин реестрине киргизилген учурдан тарта мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан үч жылга текшерүүдөн бошотулат.

Ошондой эле мамлекеттик кредиттөө программаларын ишке ашыруунун алкагында жеңилдетилген каржылоону алат.

Copyright © 2017 Maral FM