Биз менен байланышыңыз

Мектепти ийгиликтүү башкаруунун сырларын айткан китеп чыкты

Кыска кабар | 16 мая 2024 | 338 | 0

Эл аралык мектеп директорлорунун ассоциациясынын жетекчиси, билим берүү тармагындагы эксперт Ари Покканын Finish school Lidership and Management китеби кыргыз тилинде жарык көрдү.

16-майда китептин бет ачары өтүп, ага автор Ари Покка катышууда. Эмгекти кыргыз тилине Bugupress басма үйү которгон.

«Мыкты мектеп. Мектепти финдердей башкаралы» китеби өзүнүн натыйжалуу жана адилеттүү системасы менен дүйнөгө таанылган Финляндиянын мектептери тууралуу. Анда автор 20 жылдык тажрыйбасы менен бөлүшүп, мектепти ийгиликтүү уюштуруп, башкаруу сырларын айтып берет. Финдердин мектеп системасына жасаган мамилеси бир катар мамлекеттер үчүн мыкты тажрыйба болуп бере алат.

Bugupress басма үйү дүйнөлүк бестселлер аталган китептерди кыргыз тилине которуп келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM