Биз менен байланышыңыз

Казакстан бүгүнтөн тарта карантиндик чектөөлөрдү жумшартат

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Авг 2020 | 367 | 0

Казакстан бийлиги вирус жуктурган учурлар азайганына байланыштуу карантин чараларын жумшарта баштады. Бүгүнтөн тарта борбор калаа Нур-Султанда бир катар мекемелер иштей баштайт.

Алар —  тейлөө борборлору, дүкөндөр, тамактануу жайлары, финансылык мекемелер.

Анткен менен бардык жарандар бет кап кийүү, аралыкты сактоо, антисептикалык каражаттарды пайдалануу сыяктуу санитардык эрежелерди кармоого милдеттүү.

Ал эми иштөөсүнө тыюу салынган тармактардын катарын мурдагыдай эле массалык эс алуу жайлары, мончо, СПА-салондор, түнкү клубдар түзөт. Ошондой эле той-топурга дагы уруксат берилбейт.

Казакстанга кирүү учурунда Кытай, Түштүк Корея, Япония, Грузия, Тайланд, Венгрия, Индия, Германия, Чехия, Малайзия, Бириккен Араб Эмираты, Беларусия, Түркия, Египет, Украина, Нидерланды жана Орусиядан келе жаткан жүргүнчүлөр ПЧР-тесттин жыйынтыгы боюнча маалымкат көрсөтүшпөйт. Алардын дене табы өлчөнүп, анкета гана толтурулат.

Польша, Өзбекстан, Тажикстандан келген жүргүнчүлөр ПЧР-тест тууралуу маалымкат көрсөтүшү керек. Эгер тест жок болсо, жүргүнчүлөр 48 сааттын ичинде анализ тапшырып же 14 күн үй карантининде болушат.

Казакстан келерки аптадан тартып Бириккен Араб Эмираты, Беларусия, Германия, Нидерланды, Египет, Украина жана Орусия менен эл аралык каттамдарды калыбына келтирүүнү пландоодо. Түркия бийлиги июлдун башында Анталияга бараткан бир каттамдагы төрт жүргүнчүдөн коронавирус аныкталгандан кийин казакстандык жарандардын өлкөгө киришин чектеген. Түркия Казакстан менен аба каттамдарын 1-сентярдан тартып калыбына келтирүүнү пландоодо.

Эскерте кетсек, Казакстанда 5-июлдан тарта катаал карантиндик чектөөлөр коюлган. Өлкөдө март айынан бери 102 696 кишинин коронавирус жуктурганы лабораториялык түрдө тастыкталган жана 1 397 киши өлгөн. Августтун алгачкы 15 күнүндө 18 465 адам вирустук пневмонияга кабылганы аныкталган, 216 киши кайтыш болгон.

Copyright © 2017 Maral FM