Биз менен байланышыңыз

Каратаев: Орусиянын вакцинасын сатып алуу боюнча пландар бар

Кыска кабар | 16 Авг 2020 | 445 | 0

Орусияда иштелип чыккан вакцинаны сатып алуу боюнча пландар бар. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Маалымат жыйында ага «Кыргызстан Орусияда иштелип чыккан вакцинаны сатып алуу пландап жатабы?» деген суроо узатылды.

«Орусияда иштелип чыккан вакцинаны сатып алуу боюнча пландар бар. Биз азырынча ал вакцина канча санда чыгарыларын билбей жатабыз. Орусияда вакцина чыгып, далилденген болсо аны алганга даярбыз», — деди ал.

Орусиянын түз инвестициялар фонду менен биргеликте Гамалея илимий борбору тарабынан иштелип чыккан коронавирустук вакцина 11-августта дүйнөдө биринчилерден болуп катталган. Вакцина «Sputnik V» деп аталган. Ал элдик жүгүртүүгө 2021-жылдын 1-январынан баштап киргизилет. Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин анын кыздарынын бири вакцинаны сынап көргөнүн айткан.

Казакстан коронавируска каршы толук сыноодон өтпөгөн вакциналарды сатып албай турганын билдирди. Булардын арасында Орусиянын каттоодон өткөн «Sputnik V» вакцинасы да бар.

Орусиянын «Спутник V» деген аталышка ээ болгон вакцинасы бардык зарыл болгон клиникалык сыноолордон өтпөгөнү белгилүү. Ал мамлекеттик каттоого алынгандан кийин сыноонун үчүнчү баскычынан өткөрүлөт. Орус өкмөтү алгачкылардан болуп бул вакцинаны медицина кызматкерлери жана мугалимдер аларын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM