Биз менен байланышыңыз

Курманкуловдун абалында жакшыруу бар. Бирок сүйлөй элек

Кыска кабар | 13 Сен 2019 | 838 | 0

Кой-Таш окуясында башынан катуу жаракат алган Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов Москвадагы Бурденко нейрохирургия борборунан реабилитациялык борборго которулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, учурда Самат Курманкуловдун абалы туруктуу жана күндѳн-күнгѳ жакшы болууда.

«Неврологиялык реакциялар бар. Бирок сүйлөй элек. Анын мындан аркы дарылануусу Москвадагы борбордо улантылат. Алар 10 күндүн ичинде атайын ыкма боюнча калыбына келтирүү аракеттерин жүргүзүшөт», — деди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.

Эске сала кетсек, Самат Курманкулов Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурундагы башаламандыкта башынан жаракат алган.

Copyright © 2017 Maral FM