Биз менен байланышыңыз

Самат Курманкулов милициянын генерал-майору чинин алды

Кыска кабар | 6 Мар 2021 | 1337 | 0

Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов милициянын генерал-майору наамын алды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Эскерте кетсек, Курманкулов 2019-жылы 7-август күнү Кой-Ташта болгон окуя учурунда башынан жаракат алган. Адегенде Бишкектеги Травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылып, башына 2 ирет операция жасалган, бирок ал эс-учуна келген эмес. Кийин 12-августта Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургия борборуна которулган. Абалы жакшырып, сүйлөп, өз алдынча тамактанып калган соң Бишкекке учуп келип, реабилитациясын улантуу үчүн Ички иштер министрлигинин бейтапканасына жаткырылган.

Буга чейин Кыргыз милициясынын 95 жылдыгынын урматына Москвада эмделип жаткан учурунда Самат Курманкуловго “Эрдик” медалы тапшырылган.

Ички иштер министри Самат Курманкуловго «Эрдик» медалын тапшырды

Copyright © 2017 Maral FM