Биз менен байланышыңыз

Самат Курманкуловдун дарылануусуна дагы 1 млн 298,5 миң сом бөлүнөт

Кыска кабар | 8 Окт 2019 | 817 | 0

Саламаттыкты сактоо министрлиги Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкуловдун дарылануусуна 1 млн 298,5 сом бөлөт. Өкмөт башчы аталган министрликтин бюджетинен каражат бөлүүнү тапшырган. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин премьер-министрдин резервдик фондунан 1 млн 462,6 миң сом бөлүнгөн болчу.

12-сентябрда Чүй ОИИБдин башчысы Самат Курманкулов Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургия борборунан реабилитациялык борборго которулган.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Курманкуловдун саламаттыгында оң динамика байкалып жатканын, толук калыбына келүү үчүн убакыт керектелерин билдирген.

Самат Курманкулов 7-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо атайын операциясында башынан жаракат алган. Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунан эки жолу операция жасалган.

Copyright © 2017 Maral FM