Биз менен байланышыңыз

Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкулов өзү тамак жеп жатат

Кыска кабар | 16 Янв 2020 | 2454 | 0

Атамбаевди кармоо операциясында жаракат алган Чүй облустук милициясынын жетекчиси Самат Курманкулов өз алдынча тамактанып жатат. Анын саламаттыгында жылыш бар. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Самат Курманкулов өз алдынча тамактанып калды. Ошондой эле колу-бутунун кыймылы калыбына келди. Бирок толугу менен калыбына келүү үчүн 2020-жылдын март айынын аягына чейин дарыланат, — деп айтылды маалыматта.

Самат Курманкуловдун дарылануусуна Кыргызстандын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 1 млн 462 миң, ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин бюджетинен 4 млн 798 миң сом бөлүнгөн.

Самат Курманкулов 2019-жылдын 7-августунда Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция учурунда башынан катуу жаракат алган. Адегенде Бишкектеги Травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган. Кийин 12-августта Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургия борборуна которулган.

Жакында Кыргыз милициясынын 95 жылдыгынын урматына Самат Курманкулов “Эрдик” медалы менен сыйланган.

Copyright © 2017 Maral FM