Биз менен байланышыңыз

Ички иштер министри Самат Курманкуловго «Эрдик» медалын тапшырды

Кыска кабар | 11 Ноя 2019 | 1353 | 1

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев учурда Москвада дарыланып жаткан Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Самат Курманкуловго «Эрдик» медалын тапшырды. Бул тууралуу Мирбек Молдакунов өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды.

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Самат Курманкулов коомдук коопсуздукту сактоону камсыз кылууга кошкон салымы, ошондой эле кызматтык милдеттерин жоопкерчиликтүү аткаргандыгы үчүн «Эрдик» медалы менен сыйланган.

Белгилей кетсек, Курманкулов 7-август күнү Кой-Ташта болгон окуя маалында башынан жаракат алган. Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча учурда Самат Курманкулов өз алдынча сүйлөп, басып калды.

Copyright © 2017 Maral FM