Биз менен байланышыңыз

«Өзүн-өзү каржылоо автономиясын берүү менен ооруканалар менчикке өтпөйт»

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Окт 2019 | 583 | 0

Мамлекеттик кепилдик программасынан 49 % каражат жетишпей жатат. Аталган программа тарабынан бөлүнгөн каражаттын 86 пайызы дарыгерлердин айлык акысына жана Социалдык фондго коротулууда. Өсүүгө эч кандай мүмкүнчүлүк жок. Мындан улам Улуттук хириргия борбору менен Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу Улуттук борборуна өзүн-өзү башкаруу автономиясын берүү зарылчылыгы бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жогоруда аты аталган III баскычтагы эки медициналык мекемеге өзүн-өзү башкаруу автономиясын берүү менен борборлорго түшкөн каражатты легалдаштыруу зарыл. Аны менен бейтапканалар жеке менчикке өтүп кетпейт. Мамлекеттик кепилдик программасы мурдагы бойдон калат. Долбоордун экинчи этабында төрөт үйлөрү да каралат.

Ал эми кызмат көрсөтүүнүн баасы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен макулдашылат, нарк көп көтөрүлбөйт.

Тиешелүү токтом долбооруна ылайык, социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жеңилдетилген программа каралат.

«Азыр жеке менчик бейтапканалар өнүгүп, эл дарыланып жатат. Биз өнүгүүнү унутпай, элдин катмарын бөлүп калууга даяр болуп турабыз. Бирок элди катмарга бөлбөө керек. Кыргызстандыктардын 22 %ы чет мамлекетте дарыланат. Биз түшкөн каражаттарды легалдаштыралы деп жатабыз. Мындай демилге 2016-жылы башталган. Карагылачы, ооруканалардын материалдык-техникалык базасы кандай абалда. Эч нерсе кылбай отура берсек, мамлекеттик система талкаланат. Биз сунуштарга каршы эмеспиз. Реформанын максаты сапаттуу медициналык кызматты эффективдүү түрдө жеткирүү. Элдин талабын аткаруу боюнча иштерди жүргүзөбүз», — дейт Каратаев.

Ал Улуттук госпиталдын офтальмология бөлүмү юридикалык мекеме болбогондуктан өзүн-өзү каржылоо боюнча тизмеге кирбегенин айтты.

Мындан сырткары, дарылардын баасын жөнгө салуу боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

Эске салсак, Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан айрым ооруканаларга өзүн-өзү каржылоо автономиясын берүү боюнча токтом долбоору иштелип чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM