Биз менен байланышыңыз

БУУ: Ымыркайлардын чарчап калуусу көп катталууда

Ден соолук | 25 Апр 2019 | 1031 | 0

25-апрелде Бириккен Улуттар уюму төрөт курагындагы аялдардын укугу боюнча баяндама жасады. Анда эне-баланын ден соолугун кароо жана жардам көрсөтүү багыты боюнча атайын адистер жасап жаткан иштери тууралуу айтылат. Бүгүнкү күндө төрөт учурунда, же төрөттөн кийин энелердин каза болуусу көп катталып жатат. Ошол эле учурда, ымыркайлардын чарчап калуусу да арбын кездешет. Мындай жагдайларга мамлекет тарабынан жардамдар болуп жатабы?

Дени сак бала төрөлүүсү үчүн эненин кош бойлуу кезиндеги ден соолугу, үй-бүлөдөгү абалы өтө маанилүү. Ушуга байланыштуу, 25-апрелде БУУнун Бишкектеги өкүлчүлүгү коомчулукка атайын баяндама жасады. Аталган уюмдун Кыргызстандагы калк фондунун аткаруучу директору Медер Өмүрзаковдун айтымында, баяндаманын негизги өзөгү төрөт жашындагы аялдардын укугун коргоону жайылтып, өлкөдөгү кош бойлуу энелердин жана ымыркайлардын дени сак төрөлүшү үчүн алдын алуу аракеттерин жасоого багытталган.

— Баяндаманын негизги өзөгү — өлкөлөргө, эл аралык уюмдарга жана бейөкмөт уюмдарга чакырык. Маселен, элдин репродуктивдик укуктарын жана ден соолугун бекемдөө. Көптөгөн энелердин өлүмү деген көйгөйлөр бар. Ошондой эле, элдин ден соолугу үчүн күрөшүү, эне-балага жаркын келечек тартуулоо.

Ал эми Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин пикиринде, төрөт жашындагы аялдардын укугун мамлекет коргоп жатат. Бирок жетишерлик деңгээлде эмес. Себеби, каражат тартыштыгынан улам, жылына өкмөттөн болгону 3 млн. сом бөлүнүп берилет.

— Төрөт жашындагы аялдар калктын 60 %ын түзөт. Ал эми жаш балдар 30 %ды түзөт. Демек, бул эмнеден кабар берет? Эне менен баланын ден соолугуна кылдат кароо керек. «Эне аман бала аман, алар аман-эл да аман!» — деген сөз ошон үчүн айтылган да.

Медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчисинин орун басары Калиман Маматова өлкөдө кош бойлуу аялдар өз убагында каттоого турбай, керектүү документтерди чогултпай жаткандыктан, аталаган фонддон жардам албай жатканын билдирди. Аны менен катар, кош бойлуу энелер доктурдун айтканын жасабай, өз убагында анализдерди бербей жатканы, төрөлө турган баланын ден соолугу үчүн өтө кооптуу экенин кошумчалайт.

-Медициналык камсыздандыруу фонду айымдарды медициналык текшерүү багытында кандайдыр бир жеңилдиктерге ээ болуусуна кам көрүп, атайын дарыгерлер менен биргеликте энелерди каттоого алып келет. Аны менен бирге, медициналык башка багытта да жардамдар болот. Анан албетте, төрөтүнүн акысыз болушу үчүн да аракет көрүп жатабыз. Аларды бир жыл ар кандай дары-дармек менен камсыздап турат. Ооба, бир жыл аз. Өлкөдө энелер көп болгондуктан, ушундай кылууга аргасызбыз. 

Ал арада жаңы төрөлүп жаткан балдардын чарчап калышы, же энелердин төрөттөн каза болушу боюнда бар кезинде үй-бүлөсүнөн зомбулук көрүшүнөн улам катталып жатат. Мындай пикирди Демократиялык процесстерди изилдөө борборунун жетекчиси Лариса Илибезова билдирди. Ал күчтүү, дени сак жана өнүккөн өлкөгөгө айлануу үчүн, эң биринчи эне менен баланын саламаттыгына жетишээрлик кам көрүү керектигин айтат.

— Гендердик маселеде эненин ролу абдан чоң. Кандай бала төрөсө, ошондой келечек күтөт. Бүгүнкү күндө, өлкөбүздө ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылат. Анын ичинде 7 %ы кош бойлуу кезинде ур-токмокко алынгандар. Мындан улам, эне-баланын ден соолугу үчүн күрөшүүгө аракет кылабыз да.

Кошумчалай кетсек, 2004-жылдан 2018-жылга чейин энелердин төрөттөн каза болгон көрсөткүчү 50,2 %ды түзсө, ал эми 2018-2019-жылда мындай фактылар 30 %га төмөндөгөн. Бирок, жаңы төрөлүп жаткан ымыркайлардын чарчап калуусу боюнча статистикада азырынча эч кандай жылыш жок.

Copyright © 2017 Maral FM