Биз менен байланышыңыз

Боронов: Медкызматкерлердин кошумча төлөмдөрү убагында берилсин

Кыска кабар | 15 Авг 2020 | 425 | 0

Премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында медицина кызматкерлерине кошумча төлөмдөрдү төлөө маселесине токтолду.

«Мындан ары бир дагы шаарда, райондо, ал тургай алыскы айылдарда коронавирус инфекциясына чалдыккан бейтаптарды дарылоого тартылган медицина кызматкерлерине кошумча төлөмдөрдү берүү маселесине жоопкерчиликсиз мамиле жасаган учур кайталанбасын. Мен тартипсиздикке жол бербейм, төлөм боюнча кылдат текшерүүлөрдү жана мониторинг жүргүзгүлө», — деди өкмөт башчы.

Кубатбек Боронов азык-түлүк коопсуздугун жана дары каражаттарынын үч айлык запасын камсыздоонун маанилүүлүгүнө токтолуп, тиешелүү тапшырмаларды берди.

Буга чейин, COVID-19 илдетине чалдыккан бейтаптар менен иш алып барган медициналык кызматкерлердин компенсациялык төлөмдөрү кармалганы үчүн Сокулук районунун акими Асылбек Сатывалдиевге сөгүш жарыяланган.

Copyright © 2017 Maral FM