Биз менен байланышыңыз

ДССУ: Коронавирус тамак-аш аркылуу жукпайт

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Авг 2020 | 456 | 0

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирустун тамак-аш аркылуу тарай турганын тастыктаган далилдер жоктун билдирди. Уюм кишилерди вирусту тамактан жуктуруп алам деп коркпоого чакырды.

ДССУнун өзгөчө программаларынын жетекчиси Майк Райан 13-августта Женевада өткөн брифингде: «Кишилер азык-түлүк, азык-түлүк таңгактары жана тамак-аш жеткирүүдөн коркпошу керек. Азык-түлүк чынжырынан вирус жугат дегенге эч кандай далил жок», – деди.

Буга чейин Кытайдын эки шаарында изилдөөчүлөр тоңдурулган импорттук азык-түлүктөрдөн коронавирустун издерин байкашканын, бул вирустун жайылышына себеп болушу ыктымал экенин билдиришкен.

Бүгүн, 15-августка карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 21 066 992 адамга жетти.

Алардын ичинен 13 044 377 адам илдеттен айыкса, оорунун кесепетинен 762 997 бейтап көз жумду. Бейтаптардын көбү Америка (5,3 млн адам), Бразилия (3,2 млн адам) жана Индияда (2,4 млн адам). Айрым өлкөлөрдө карантин чаралары кайрадан күчөтүлдү.

Райан эгер кишилер эрежелерди сактабаса, вирус көпкө сакталарын, дүйнө «бороондун чок ортосунда» каларын эскертти.

Copyright © 2017 Maral FM