Биз менен байланышыңыз

Соңку бир жылда 7 миңдей кыргызстандык АКШдан башпаанек сураган

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Апр 2024 | 537 | 0

2023-жылы Борбордук Азия өлкөлөрүнөн 50 миңдей адам АКШнын чек арасын мыйзамсыз басып өткөн. Бул тууралуу британиялык Daily Mail басылмасы жазды.

Учурда АКШдан саясий башпаанек сураган борбор азиялыктардын саны 30 миңдин тегерегинде. Алардын соттук угуулары жакын арада болору күтүлүп жатат. Маалыматка ылайык, Өзбекстандын 17 миң жараны, Кыргызстандын 7 миң жараны, Тажикстандын 3 миң, Казакстандын 2700, Түркмөнстандын 2200 жараны АКШдан башпаанек сурап кайрылган.

Басылма белгилегендей, соңку жылдары Кыргызстандан АКШга мыйзамсыз жолдор менен барып башпаанек сурагандардын саны кескин өскөн. 2023-жылы 6230 кыргызстандык башпаанек сурап кайрылса, Ал эми 2023-жылдын октябрынан баштап, 2024-жылдын сентябрына чейинки фискалдык жылдын эсебинде 7233 жаран башпаанек сураган. Бул ушундай эле максатта башпаанек сураган Ооганстан, Вьетнам жана Пакистан сыяктуу өлкөлөрдүн көрсөткүчүнөн дагы жогору турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM