Биз менен байланышыңыз

Казакстанда коронавирус менен катталгандар 100 миңден ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Авг 2020 | 420 | 0

Казакстанда 3-августтан баштап 9-августка чейин коронавирус инфекциясынын кесепетинен 211 адам каза болду. Республика боюнча пандемия башталгандан бери бул оорудан 1269 бейтап көз жумду.

Ошондой эле 100 миң 164 адам коронавирус менен катталып, алардын ичинен 73 миң 702 бейтап айыкты.

Казакстанда 3-августтан тартып акырындык менен карантиндик чектөөлөр жумшартылууда.

Copyright © 2017 Maral FM