Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алгандар 31 миң 300дөн ашты, каза болгондор — 200

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Авг 2020 | 515 | 0

Бүгүн, 11-августта Өзбекстанда дагы 236 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Жаңы катталган бейтаптар:

— Ташкент шаарында 209 адам;

— Ташкент облусунда 14 адам;

— Андижан облусунда 11 адам;

— Фергана облусунда 2 адам.

Муну менен Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 31 миң 304 адамга жетти.

Республика боюнча акыркы суткада 950 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган. Вирусту жеңгендердин жалпы саны 23 миңди түздү. Ал эми каза болгондордун саны 200гө жетти.

Copyright © 2017 Maral FM