Биз менен байланышыңыз

Италия 2 айдан кийин коронавирус боюнча кайрадан антирекорд койду

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Авг 2020 | 1918 | 0

Бир сутканын ичинде Италияда 552 адамдан коронавирус оорусу аныкталды. Мындай чоң көрсөткүч май айынын аягынан бери каттала элек болчу.

Бейтаптардын көбү — Венето облусунда. Облус башчысы Луки Дзайи билдирген маалымат боюнча, жаңы катталган бейтаптар Испания, Перу, Мальта, Хорватия жана Грециядан кайтып барышкан. Алардын арасында эмгек өргүүдөгү эс алуудан кайткандар бар.

Италияда жалпы 250 миң адамдан коронавирус оорусу аныкталган. Алардын ичинен 202 миң адам айыкты. Оору жуккандан кийин 35,1 миң адам көз жумду.

Copyright © 2017 Maral FM