Биз менен байланышыңыз

Тажикстан Дубайга туруктуу рейстерин улантууда

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Авг 2020 | 535 | 0

Тажикстан Дубайга туруктуу рейстерин улантууда. Жүргүнчүлөр учакка беткап жана кол кап кийип, колунда коронавирустан таза экенин тастыктаган ПЧР-анализдин жыйынтыгы менен гана чыгарылат.

Дүйшөмбү  — Дубай — Дүйшөмбү каттамы боюнча туруктуу каттамдар улантылды. Биринчи рейс бүгүн Дубайдан Flydubai авиакомпаниясы тарабынан аткарылат.

Душанбе эл аралык аэропортунун өкүлү Жамила Хусайнованын билдиришинче,  пандемияга чейин компания жумасына беш жолу каттачу, эми жумасына бир гана жолу каттам жүргүзүлөт.

Анын айтымында, «Сомон Эйр» авиакомпаниясы дагы Дубайга учат. Компания алгачкы рейсин 6-августта таңкы саат 5:00дө Дүйшөмбүдөн аткарат.

«Бизде башка мамлекеттер менен аба каттамын калыбына келтирүү жөнүндө так маалымат жок«, — деди Хусайнова.

«Сомон Эйрдин» басма сөз кызматы билдиргендей, Дүйшөмбүдөн Дубайга учууну каалаган Тажикстандын жарандары БАЭге кирүү үчүн керектүү документтери, анын ичинде учуудан 72 саат мурун Covid-19 жок экендигин тастыктаган күбөлүк алышы керек.

Чет өлкөлүк жарандардын БАЭге кирүүсүнө/транзитине уруксат берүүчү документтери, анын ичинде медициналык камсыздандыруу жана ден-соолугу жөнүндө декларация формасын толтурушу керек.

Дубай аркылуу транзиттик рейстерди жүргүзгөн чет өлкөлөрдүн жарандары өз мекенине гана учуп кетиши мүмкүн. Анда да Covid-19 жок экендиги тууралуу күбөлүк талап кылынат.

«Дүйшөмбүгө учууну каалаган жарандарда Тажикстандын аймагына кирүүгө өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынын уруксаты, ошондой эле виза (зарыл болгон учурда) жана коронавирус жок экендиги тууралуу күбөлүк болушу керек», — деди «Сомон Эйр».

Авиакомпания жүргүнчүлөргө оорунун белгилери менен учакка түшпөөнү эскертти.

Тажикстанга келгенден кийин, өлкөнүн бардык жарандары, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар (дипломатиялык корпустун өкүлдөрүн, өзгөчө статуска ээ эл аралык уюмдарды жана өкмөттөн, министрликтерден жана ведомстволордон чакырылган конокторду кошпогондо) текшерилет жана жыйынтыктар аныкталганга чейин карантинде болушат.

«Оң натыйжа алган адамдар 14 күн карантиндик аймакта болушат жана дарыланышат. Тажикстанга келгенге чейин 48 саат мурун Covid-19 жок экендиги тууралуу күбөлүгү бар жүргүнчүлөр өлкөгө эч кандай тоскоолдуксуз кире алышат. Бирок алар жергиликтүү медициналык мекемелерде өз алдынча каттоодон өтүп, дарыгерлердин көзөмөлүндө 14 күн өзүнчө изоляцияда турушат», — деп айтылат билдирүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM