Биз менен байланышыңыз

Боронов: Дарыларды сатып алуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлөт

Кыска кабар | 25 Июл 2020 | 535 | 0

Дары-дармектерди мамлекеттик деңгээлде сатып алуу иши үзгүлтүксүз жүргүзүлүүгө тийиш. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык штабдын кезектеги жыйынында билдирди.

Өкмөт башчы мындан тышкары фармацевтикалык компаниялардын дары-дармектерди ташып келүүсүнө шарттарды түзүүнүн үстүндө иштөөнү күчөтүү керектигин, ошол эле учурда дары-дармек каражаттарынын жарандарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана баасын негизсиз жогорулатпоо үчүн көзөмөлдөө иштерин күчөтүү шарт экендигин айтты.

Премьер-министр белгилегендей, Бишкек жана Ош шаарларында жаңы салына турган медициналык мекемелер жана аймактарда оңдолуп башталган имараттар жарандарга толук кандуу медициналык тейлөө көрсөтүүчү мекеме болушу шарт.

— «Курулуш жана оңдоп-түздөө иштери башталган медициналык жайларда интенсивдүү терапия жана реанимациялык орундар тийиштүү жабдуулар менен жабдылууга тийиш. Муну менен катар тиешелүү жабдуулар менен камсыз кылуу жана аларды сатып алуу иши азыртадан жүргүзүлсүн«, — деди Кубатбек Боронов.

Copyright © 2017 Maral FM