Биз менен байланышыңыз

Президенттин жарлыгы менен судья Айбек Эрнис уулунун ыйгарым укуктары токтотулду

Кыска кабар | 25 Июл 2020 | 4436 | 0

Жергиликтүү соттордун бир катар судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду. Конституциянын ченемдерине жана мыйзамдарына ылайык, Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков тиешелүү жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Биринчи Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун төмөндөгү судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду жана алар Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы кызмат орундарынан бошотулду:

— Кайсын Абакиров ;

— Авчи Алиев ;

— Аманбек Сариев .

Экинчи Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эрнис уулу Айбектин ыйгарым укуктары токтотулду.

Ал Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы кызмат ордунан бошотулду.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM