Биз менен байланышыңыз

29-июлда Түркиядан учуп келүүчү кыргызстандыктардын тизмеси такталууда

Кыска кабар | 25 Июл 2020 | 346 | 0

29-июлда Стамбул-Бишкек каттамы менен Түркиядагы мигранттардын дагы бир тобу мекенге кайтып келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен учуп кетүүнү каалаган жарандардын тизмеси элчиликтин расмий сайтына жайгаштырылган.

Аталган чартердик рейс менен Анкара шаарындагы элчиликке жана Стамбул шаарындагы Башкы консулдукка кайрылган жарандар үчүн учуп кетүүгө мүмкүнчүлүк ала алышат. Ошондой эле аталган авиарейс менен Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин тизмеси боюнча Кыргызстандын башка өлкөлөрдөгү элчиликтерине арыздарын берип, Стамбул аркылуу транзит менен өтө турган жарандарды дагы өлкөгө кайтаруу көздөлүүдө.

Тизмеде болгон жана «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясынын 2020-жылдын 29-июлуна чейинки ар дайымкы рейстерине жарандардын мурда сатып алган билеттери 29-июлдагы чартердик авиарейсине жарактуу болот.

Аталган чартердик рейске авиабилеттер түздөн-түз аэропортто ушул жылдын 28-июлунда саат 18.00дөн тартып жарыяланган тизмелерге ылайык сатылат. Ошондой эле айтылган тизмелерге ылайык, авиабилеттерди 28-июлда «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясынын Анкара жана Стамбул шааарларындагы кеңселеринен сатып алууга дагы мүмкүн болот. Учуп кете тургандыгын тастыктаган жарандар үчүн авиабилеттеринин резервация номерлери кошумча элчиликтин сайтында жайгаштырылат. Ошол эле учурда авиакомпаниянын кеңселеринде билеттердин баасы аэропортто сатыла тургандарга салыштырмалуу жогору болору эскертилет.

Аталган рейске авиабилеттин баасы — 256 долларды түзөт, эки жашка чейинки балдар үчүн — 16 доллар, 2-12 жашка чейинки балдар үчүн — 218 доллар. Уруксат берилген багаж 38 кг, кол багажга уруксат берилбейт жана аны учакка алып кирүүгө болбойт. Эгер багаж 38 кг ашса, кошумча 1 кг багаждын акысы 6 еврону түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM