Биз менен байланышыңыз

Армения менен Азербайжандын ортосунда кайрадан кагылышуу

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Июл 2020 | 477 | 0

Азербайжан менен Армениянын чек арасындагы атышуу дагы деле уланууда. Соңку маалыматтарга ылайык, акыркы күнөрдө чек арадагы чатактан улам эки жактан кошулуп 16 адам каза болгон.

Баку генерал баш болгон 11 азербайжандык аскердин каза болгонун айтууда. Арменияда төрт аскер каза болуп, бир нече адам жаракат алганы кабарланды.

Кагылышуулар жана атышуулар 12-июль, жекшемби күнү Азербайжандын Товуз облусу менен Армениянын Тавуш аймагынын чек арасында башталды. Азербайжан менен Армения чек арадагы соңку жаңжалдан бири-бирин күнөөлөп жатат.

Бул 2016-жылдын апрелинен берки эки өлкө ортосундагы эң олуттуу чек ара чатагы болду.

Copyright © 2017 Maral FM