Биз менен байланышыңыз

Түркия Азербайжанга аскерлерин жөнөтмөй болду

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Ноя 2020 | 507 | 0

Түркия парламенти президент Режеп Тайип Эрдогандын «Азербайжанга аскер жөнөтүү жөнүндө» жарлыгын колдоду.

«Түркиянын куралдуу күчтөрүн Азербайжанга жөнөтүү жөнүндө» меморандум 16-ноябрда кароого коюлган. Документ боюнча, түрк аскерлери 1 жыл Баку менен Еревандын ортосундагы ок атышууну токтотуу макулдашуусунун аткарылышын көзөмөлдөйт.

Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, түрк аскерлери Тоолуу Карабахтын аймагына киришпейт. Түркия Тоолуу Карабахтагы абалга Азербайжандын аймагынан гана көз салып турат.

Орусия менен Түркиянын өкүлдөрү биргелешип байкоо салуу сунушун Азербайжан бергени айтылат. Буга чейин Орусиянын аскерлери Тоолуу Карабахка жөнөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM