Биз менен байланышыңыз

Казакстан коронавирус көп жайылган 30 өлкөнүн катарына кирди

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Июл 2020 | 449 | 0

Жон Хопкинс университетинин эсебине ылайык, коронавирустун жайылышы боюнча Казакстан дүйнөдөгү алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кирди.

Акыркы сутканын ичинде Казакстандын аймагында дагы 1674 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Алардын ичинен 863 адамда оору белгилери жок өтүп жатат.

Коронавируска каршы күрөшкөн штабдын маалыматы боюнча, учурда Казакстанда жалпы 65 188 адамга коронавирус оорусу жукту. Алардын ичинен 34 миң 190 адам айыккан.

Буга пневмония менен ооругандар кошулган жок. Казакстанда өпкөсү кагынуудан (пневмония) каза болгондордун саны 600дөн ашты. Жыл башынан бери 100 миңге чукул адам пневмония болгон.

Ккоронавирустук эпидемологиялык абул курч болуп тургандыктан Казакстандын мектептери жаңы окуу жылын аралыктан окутуу менен баштайт. Азырынча балдарды биринчи чейректе гана аралыктан окутуу каралууда. Эгер өлкөдөгү эпидемиологиялык абал жакшырбаса, аралыктан окутуу кийинки чейректерде да улантылат. Буга чейин өлкөдөгү колледждер менен жогорку окуу жайлар жаңы окуу жылында студенттерди аралыктан окута тургандыгы кабарланган.

Коронавирустун жайылышы боюнча учурда АКШ, Бразилия жана Индия сап башында турат.

Кошмо Штаттарда бул илдеттен каза болгондордун саны 136 миңден ашты. Өлкөнүн батыш жана түштүк штаттарында күнүнө 60 миңдей адамдан коронавирус аныкталып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM