Биз менен байланышыңыз

Токтобек Асаналиев уулдуу болду

Шоу-бизнес | 13 Июл 2020 | 1118 | 0

КРнын  Эмгек  сиңирген  артисти Токтобек Асаналиев уулдуу болду. Сүйүнүчтүү кабар  тууралуу өзүнө байланышканыбызда маңдайы  жарыла  кубанган ырчы мырза  төмөнкүлөргө токтолду:

» Чоң рахмат, Алла  ыраазы болсун. Кечээ күнү кечке маал  эркек  балалуу  болдум. Азыркы  учурда  эне, баланын  ден  соолугу  жакшы. Ымыркайыбыздын  салмагы  3кг, 700 грамм, бою 51 см. Атын  болсо чоң атасы  Төрөгелди  деп  койду». 

Жарык  дүйнөгө келген ымыркайга ден соолук  жана  бактылуу  балалык каалайбыз.

Copyright © 2017 Maral FM