Польшадагы президенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы менен азыркы президент Анжей Дуда кайрадан жеңүүчү болду. Шайлоо 2 тур менен өткөн.
«Euronews» басылмасынын маалыматы боюнча, жеңүүчү добуштардын 50,4 пайызына ээ болсо, анын атаандашы — Варшаванын мэри Рафал Тшасковский добуштардын 49,6 пайызына ээ болгон. Рафал Тшасковский эң чоң делген оппозициялык «Граждандык платформа» партиясынын өкүлү.