Биз менен байланышыңыз

Чехиянын өкмөт башчысы Беларусияда кайра шайлоо өткөрүш керектигин жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Авг 2020 | 640 | 0

Чехиянын премьер-министри Андрей Бабиш Беларусияда президенттик шайлоо кайра өтүшү керек деп эсептейт. Мындай пикирин ал социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, шайлоо ачык өтүп, ага чет элдик байкоочулар катышуусу шарт.

«Беларусиядагы кырдаал — чындап эле олуттуу. Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецки менен макулдашуу боюнча, мен Европа Кеңешинин мүчөлөрүнүн видеоконференциясын тез арада өткөрүүнү сунуш кылдым. Биз күтө албайбыз, беларусиялыктарга тезинен жардам бериш керек«, — деп жазган Бабиш өзүнүн Твиттердеги баракчасына.

Чехиянын премьер-министри Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишелди жана Европа Комиссиясынын башчысы Урсул фон дер Ляйенди Беларусияга каршы санкциялардын колдонулушу мүмкүн экендиги жөнүндө билдирүү жиберүүгө чакырды.

Бабиштин айтымында, Евробиримдик чет элдик байкоочулардын катышуусу менен эркин президенттик шайлоону өткөрүүнү талап кылышы керек.

«Мен Беларусияда агрессивдүү полициянын куралсыз адамдарды талкалаган көптөгөн видеолорун көрдүм. Бул — мыкаачылык. Диктатордук режимдин акыркы сааттары өтүп жатат жана мен жарандар жеңишке жетет деп бекем ишенем», — деп жазды Чехиянын премьер-министри.

Шайлоодон кийин, 10-августта, Германия, Литва, Латвия, Чехия Беларусиядагы шайлоону демократиясыз деп атап, Беларусиянын жетекчилигин массалык нааразычылык акциясынын катышуучуларына каршы күч колдонбоого үндөшкөн. Польша Беларусиядагы окуяларга байланыштуу Евробиримдиктин чукул саммитин өткөрүүнү демилгелеген.

Copyright © 2017 Maral FM