Биз менен байланышыңыз

Алгачкы туристтерди министр өзү тосуп алды

Кыска кабар | 10 мая 2019 | 756 | 0

Бүгүн Эл аралык «Манас» аэропортунда жайкы туристтик сезондун алгачкы туристтери менен расмий жолугушуу болду.

Польша өлкөсүнөн келишкен туристтерди өлкөнүн маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, анын орун басары жана министрликтин алдындагы туризм департаментинин директору тосуп алды.

Келгендерге Кыргызстанда жүрүүсүнө жагымдуу шарт түзүү максатында туристтик карта берилди. Ал аркылуу туристтер ажайып кооз жерлер, музей, турлар тууралуу маалыматтарды ала алышат.

Бул картада мейманканаларга, ресторандарга, таксиге түшүүдө арзандатуулар каралган. Дагы бир белгилеп кетүүчү жагдай, эгерде турист чукул кырдаалга кабылып калса, өзү турган жер боюнча билдире алат.

Copyright © 2017 Maral FM