Биз менен байланышыңыз

Шаршеев: Кызыл-Кыя аэропорту менчикке берилген эмес

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Фев 2022 | 761 | 0

Кызыл-Кыя аэропорту менчикке берилген эмес. Ал «Манас» эл аралык аэропортуна таандык бойдон турат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аба майданынын жетекчиси Бакыт Шаршеев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын маалыматына ылайык, Кызыл-Кыя аэпортунун 1,5 гектар жер тилкеси мамлекетке берилип, азыр ал жерде бажы өткөрмө бекети толук кандуу иш жүргүзүүдө. Ал эми калган 42 гектар жер тилкеси «Манас» эл аралык аэропортунун карамагында.

Былтыр президент Садыр Жапаров Өзбекстанга барган иш сапарынын алкагында Кызыл-Кыя аэропортуна логистикалык борбор куруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп, келишимге кол коюлган.

Шаршеев белгилегендей, азыркы тапта «Бажы инфратүзүм» мамлекеттик мекеме менен логистикалык борборду куруу боюнча иштер алып барылып жатат.

Эске салсак, 1999-жылы Кызыл-Кыя аэропортун мындан ары иштетүүгө муктаждык жок болгонуна байланыштуу өкмөттүн токтому менен «учууга ылайыксыз аэропорт» деп табылып, аба каттамдары токтотулган.

Copyright © 2017 Maral FM