Биз менен байланышыңыз

ШКУ саммити: «Манас» аэропорту конокторду тосуп алууга даяр

Саясат | 11 Июн 2019 | 995 | 0

Эл аралык «Манас» аэропорту ШКУ саммитине келе турчу ардактуу конокторду тосуп алууга бардык жактан даяр. Жыл башынан бери каралган иш-чаралар аткарылып бүттү. Президенттин жана премьер-министрдин залы жаңыланды.

Эл аралык «Манас» аэропортунун Бишкектеги филиалынын жетекчисинин орун басары Бакытбек Бекпача уулунун айтымында, эмеректер жаңыланган. Азыркы тапта акыркы даярдыктар текшерүүдөн өтүп жатат. Коноктордун ар бирине өзүнчө видео көрсөтүлөт. Ал үчүн лед экрандар орнотулган.

— Биз жылдын башынан бери даярданып жатабыз. Азыркы тапта иш-чаралар толук аткарылып бүттү десек болот. Ар бир конок келгенде өзүнчө видео көрсөтүлөт. Ал үчүн лед мониторлор коюлду. Ошондой эле, президент менен премьер-министрдин залы жаңыланды.  Коноктордун учактарына керектүү боло турган тейлөө үчүн техникалар менен да камсыздалган.

Бул маанилүү иш-чарада аэропортто коопсуздук чарасы да тыкыр иштелип чыккан. Аэропорттун оперативдүү кызматынын жетекчиси Азизкан Нурмамбетовдун айтымында, кызматкерлер күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.

— Акыркы отчетту өкмөттүн тиешелүү жетекчилерине бердик. Биз даярбыз. Биздин авиациялык кызмат ИИМдин жана коопсуздук кызматынын кызматкерлери менен иштешет.

ШКУнун алкагында коноктор келген учурда «Манас» эл аралык аэропорту штаттык режимде иштейт. Болгону 13-14-июнь күндөрү жолдордун убактылуу жабык боло турганына байланыштуу ыңгайсыздык жаралбашы үчүн аэропорттун кызматкерлери жүргүнчүлөрдү эртерээк келүүсүн өтүнүшөт. Бул туурасында басма сөз кызматынын башчысы Алия Курбанова айтып берди.

— Коноктор келе турган күндөрү негизги жолдор убактылуу жабык боло турганына байланыштуу каттамдарды 2-3 саат мурда келип күтүүсүн жүргүнчүлөрдөн суранат элек. Анткени, жолдордун жабылышына байланыштуу учууларына ыңгайсыздык жаралып калышы ыктымал. Ошондуктан, болуп жаткан иш-чараларды түшүнүү менен кабыл алып, убактысын пландап келүүсүн өтүнөбүз.

Саммитке даярдыктын алкагында  аэропорттон шаарга чейинки 30-чакырымдан тартып 6-тосотко чейин жашылдандыруу иштери аткарылган. Жолдорго ШКУну чагылдырган баннерлер да коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM