Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Шаржа аба каттамынын алгачкы учагы Бишкекке конду

Кыска кабар | 5 Июл 2019 | 771 | 0

Бүгүн Бишкек-Шаржа аба каттамынын алгачкы учагы Бишкекке келип конду. Бул тууралуу Туризм департаментинин башчысы Максат Дамир уулу өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал бүгүн «AirArabia» компаниясынын учагынын Шаржа-Бишкек-Шаржа багыты боюнча алгачкы каттамы жасалганын, буга байланыштуу каттамды «Манас» эл аралык аэропортунан салтанаттуу тосуп алганын белгилейт.

«Учактын борту БАЭ, Сауд Аравия жан Кувейт өлкөлөрүнөн келишкен туристтерге толо экени кубанычтуу көрүнүш. Араб өлкөлөрүнөн келчү туристтердин саны өсөт деген ишеним бар. Abdyvahap NurbaevJanar AkaevAltynbek JunusАлтынбек Сулайманов жана башка Жогорку Кеңештин депутаттарынын күч-аракети менен Кыргызстанда «Ачык асман» режими жарыяланган. Бул — өнүгүүнүн башаты», — деди Максат Дамир уулу.

Эске сала кетсек, Бишкек-Шаржа аба каттамы боюнча учак жумасына бир жолу каттайт.

Мындан сырткары, жайкы туризмди өнүктүрүү багытында Ысык-Көлгө Орусия, Өзбекстандан түз аба каттамдары ачылып, туристтер келип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM